Милиционерлердин балдары үчүн сүрөт тартуу сынагы уюштурулду

Милициянын балдарына сүрөт тартуу сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сѳз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, президенттин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгынын талаптарын аткаруу жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында мамлекеттик-патриоттук дүйнө таанымды, инсандык адеп-ахлактык, эстетикалык жана кесиптик маанилүү сапаттарды калыптандырууну искусство маданияты жана көркөм өнөрчүлүк каражаттары аркылуу тарбиялоо максатында ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлеринин балдарынын арасында "Биздин балдар - ааламдын келечеги" аттуу уурандын алкагында сүрөт тартуу сынагы жарыяланган. Анда алдынкы орундарды ээлеген балдарга баалуу сыйлыктарды жана дипломдорду салтанаттуу түрдѳ полктун командири, милициянын полковниги Бакыт Матмусаев тапшырды.

"Ар бир бала шык-жөндөмү, таланты менен жаралат. Аны ойготуу, өнүктүрүү керек. Ата-эненин, тарбиячынын мээримине, сүйүүсүнө бөлөнгөн балдар акыл-эси жетик, күйүмдүү, шыктуу болуп чоңоюшат. Ошондуктан, балдарыбызга көп убактыбызды арнап, сырдаш бололу.

Кымбаттуу балдарым, силерге ар дайым жарык маанай, узун өмүр, тоодой бакыт-таалай каалайм. Баарыӊардын алдыга койгон максаттарыӊар, таттуу кыялдарыӊар ишке ашсын! Акылдуу жана чынчыл өскүлө, ата-энеңерге кайрымдуу болуп, элибиз сыйлаган, Мекенбиздин - биздин Кыргызстандын желегин бийик көтөргөн мыкты инсандардан болгула!

Жараткан колдоп, турмуштагы сапарыӊар байсалдуу болсун!",-деди өз сөзүндө Бакыт Матмусаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД