Алдамчылык кылып качып жүргөн өзбек жараны Ошто кармалды

Ош шаардык милициясы тарабынан мурда издөөдө жүргөн коӊшу мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 3-бөлүмү (алдамчылык) менен айыпталып, 2021-жылдын 3-сентябрынан тартып издөөдө жүргөн Өзбекстан Республикасынын жараны 1991-жылы туулган М.А. жүргөн жери белгисиз болуп, аны кармоо боюнча Өзбекстандын Фергана облусунун ыкчам кызматкерлери шектүүнү кармоодо Ош ШИИБнын КИБнун кызматкерлеринен көмөк көрсөтүүнү суранышкан.

Өзбекстан Республикасында кылмыш жасап, Кыргыз Республикасынын аймагында жашырынып жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган соӊ, Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан зарыл болгон бардык ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Натыйжада, Өзбекстан Республикасында издөөдө жүргөн, Өзбекстан Республикасынын жараны1991-жылы туулган М.А. 2022-жылдын 20-июнь күнү Ош шаарынын Амир-Темур кичи шаарчасында кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык кодексинин 527-беренесинин талаптарына ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аны өз мекенине кайтаруу боюнча тараптарын көзөмөл органдары тарабынан тиешелүү иш-чаралар аткарылып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД