Президент Акыйкатчыны кабыл алды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров өлкөнүн Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматованы кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун актуалдуу маселелери, Омбудсмен институтунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды.

Акыйкатчы мамлекет башчысына көп жылдан бери акыйкаттыкка жетпей жүргөн жарандардын жеке жана жамааттык иштери тууралуу маалымат берди.

Ал адам укуктары бузулган конкреттүү учурларына токтолуп, кайрылмандарга документ берүү, аларды коомго аралаштыруу жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын иши жетишсиз экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Атыр Абдрахматова быйыл Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын түптөлгөнүнө 20 жыл толо турганын айтып, буга карата Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштамаларына ылайык, КР Акыйкатчысынын макамын Париж прициптерине толук ылайык келтирүү максатында жаңы конституциялык мыйзамдын кабыл алынышы күтүлүп жатканын белгиледи.

Ошону менен бирге, ал жакын арада түзүү пландалып жаткан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына караштуу адам укуктары боюнча Регионалдык институтунун концепциясы менен тааныштырды.

Президент Садыр Жапаров Омбудсмен институтунун адамдын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо ишин чыңдоо, Мыйзамдын бардыгы тарабынан аткарылышы жана урматталышы принциптерин жылдыруу зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы адамдын жана жарандын укуктарын коргоо боюнча комплекстүү жана теске салынган чараларды жүргүзүү – элге кызмат кылуунун негизги талабы экенин билдирип, жарандарыбыздын көйгөйлөрү жеринен так, өз учурунда мыйзамдуу чечилишин бардык мамлекеттик түзүмдөрдөн талап кылынганын баса белгиледи.

Жолугушууда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы боюнча дүйнөлүк коомчулуктагы мамлекеттин даражасын жогорулатуу жана Борбор Азиядагы мамлекеттердин укук коргоочуларынын эл аралык стандарттарга умтулуусун кубаттоо менен биргеликте алдыңкы практикаларды жайылтуу иш чаралары макулдашылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД