Панфилов паркында аттракциондорго жумасына бир жолу арзандатуу болот

Бишкектеги И.Панфилов атындагы сейил багында аттракциондор жумасына бир жолу 50 пайызга арзандайт.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жайкы каникулдун башталышы менен сейил багында шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна, өзгөчө социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн атайын акция уюштурулууда.

"Ар шаршемби күнү саат 11:00дөн 18:00гө чейин бардык аттракциондорго 50 пайыз арзандатуу болот. Төлөм баасы 80 сом эмес, 40 сомду түзөт. Ал эми айлануучу мунара, мини-зоопарк жана 12D кинотеатры 70 сомдон болот. Акция жайдын аягына чейин уланат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бардык аттракциондор жана механизмдер тиешелүү техникалык экспертизадан өткөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД