Нарында пара менен кармалган салык органынын башчысы кызматтан бошотулду

Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын начальниги ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кол койду.

Кызматтан бошотууга УКМК тарабынан 21-июнда жеке ишкерден пара алып жаткан жеринен кармалышы негиз болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД