Маданият министри Бегимай Турусбекованын окуусун аяктоого жардам берет

Маданият министри Азамат Жаманкулов жандуу үн менен ырдап интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекованы кабыл алды. Бул тууралуу министр Фейсбуктагы жеке баракчасына жазды.

Министр анда Бегимай Турусбекованын окуусун кайрадан калыбына келтирүүгө жана аны ийгиликтүү аяктоосуна жардам бере турганын жазган.

"Бегимай таланттуу кызыбызды баарыбыз колдойлу.

Акыркы күндө коомчулукта чоң резонансты жарткан аткаруу жөндөмү жана дарамети абдан жогору Бегимай Турусбекованын чыгармачылыгына ийгилик каалап, анын чыгармачылыгын ар тараптан колдоого алып эл аралык сынактарга катышууга көмөктөшө турганыбызды билдирдик.

Тактап айтканда, Маданият министрлиги Бегимай Турусбекованы "Central Asia's Got Talent" сынагына жөнөтүү үчүн тиешелүү жардам көрсөтөрүн, ошондой эле, Казакстанда, Түркияда жана Венгрияда өтө турган маданият күндөрүнө кошуп, анын талантынын ачылышына жана эл аралык аренага чыгуусуна жардам бере турганынын баса белгиледи.

Ал эми, Бегимай Турсунбекова буга чейин М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик окуу жайын жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетин окуп, аны бүтпөй калгандыгын белгилеп, буга чейин бир катар сынактарга катышып, бирок эч жолу болбой келгенин эскерди.

Бегимай Турусбекованын окуусун кайрадан калыбына келтирүүгө жана аны ийгиликтүү аяктоосуна жардам беребиз", - деп жазган министр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД