Пара алууга шектелген Жумгал сотунун судьясы УКМКнын СИЗОсуна киргизилди

Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясы УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Ошентип, кечээ, 21-июнда судья А.А.га карата тергөө иштери бүткөнчө УКМКнын тергөө камак жайына камоо боюнча баш коргоо чарасы тандалган.

Мурдараак, прокурордун орун басары О.Ж.К. 2 ай мөөнөткө УКМК тергөө камак жайына киргизилген.

Эскерте кетсек, УКМК Башкы прокуратура менен биргеликте опузалап талап кылуу жана акча каражатын алуу фактысы боюнча катталып козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жумгал районунун судьясы А.А.М. жана Жумгал районунун прокурорунун орун басары О.Ж.К. акча каражатын алып жаткан жеринен кармаган.

Буга байланыштуу, 2022-жылдын 23-майында судья А.А.М. карата мындан ары кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 10-июнунда КР Соттор кеңеши Башкы прокуратуранын судья А.А. кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сунушун канааттандырган.

2022-жылдын 17-июнунда КР президенти Садыр Жапаровдун жарлыгы менен судья А.А. кызматынан убактылуу четтетилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД