"Электр станциялары" ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

Таалайбек Байгазиев директорлор кеңешинин чечими менен "Электр станциялары" ААКнын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Байгазиев 2021-жылдын июлунан тарта "Улуттук энергетикалык холдинг" ААК башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалап келген.

Компаниянын мурдагы башкы директору Эркин Тавашаров КР энергетика министринин орун басары болуп дайындалган, ал бул кызматты 2022-жылдын январь айынан тарта аркалаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД