Кайгуул милициясы коомдук транспортторду текшерип, 135 миң сомго айып салды

Кайгуул кызматы тарабынан коомдук транспорттор текшерилип, 135 миң сомго айып салынды. Аларга буга чейин эскертүү берилген. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү таң эрте батыш жаңы автобекетине барып, Бишкек шаарынын аймагынан сырткары Бостери, Каракол, Чолпон-Ата, Ананьева, Нарын, жана башка аймактарга каттаган жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук унааларды текшерүүгө алышты.

Текшерүү учурунда эрте менен каттамга чыгаарда наркология бөлүмүнөн жана техникалык көзөмөлдөн өтүүсү, ошондой эле коомдук унаанын санитардык абалы талаптарга ылайык келүүсү каралып, техникалык жактан кемчиликтер, мыйзамсыз орнотуп алган кошумча жабдыктар өңдүү жана башка укук бузуулар аныкталды. Ошого байланыштуу техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 182-берененин 1-бөлүмү, 182-берененин 2-бөлүмү жана 194-берененин 1-бөлүмдөрүнүн негизинде 25 протокол толтурулуп, жалпы суммасы 135 000 сомго айып салынды.

Кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да уланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД