Карындашын коргойм деп сабалган өспүрүмдүн окуясын Ниязбеков көзөмөлгө алды

Карындашын коргойм деп катуу сабалган өспүрүмдүн окуясы ИИМдин жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ички иштер министри Улан Ниязбеков өспүрүмгө карата мыкаачылык менен жасалган кылмыштын чоо-жайын аныктоону, аны дыкаттык менен териштирүүнү тапшырып, иликтөөнүн жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алды.

Бул факт тыкыр иликтенип, шектүүлөр мыйзамдын чегинде татыктуу жазаларын алышат.

Аталган факт Нарын РИИБдин Тергөө кызматынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү (Денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кечээ, 22-июнь күнү кошумча комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД