Жумгалда 5 уурулук фактысына шектелип жаш өспүрүмдөр кармалды

Жумгал районунда 5 уурулук фактысына шектелип жаш өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 9-июнь күнү Жумгал районунун тургуну 1986-жылы туулган тургуну К.А. арызы менен кайрылып, анда 2022-жылдын 7-июнь күнү үйдө жоктугубуздан пайдаланып, белгисиз адамдар төшөктүн алдындагы 38 000 (отуз сегиз миң) сом акча каражатын уурдап кетишиптир деп көрсөткөн.

Аталган билдирүү Жумгал РИИБү тарабынан каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө жумгал районунун тургундары 2006-жылы туулган А.Ж жана 2005-жылы туулган Б.Клар кылмышка шектүү деп кармалып, күнөөлөрүн толугу менен мойнуларына алышып тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жогорудагы шектүү жарандар мындан башка дагы 4 уруулук фактысына катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Бүгүнкү күндө Жумгал РИИБи тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД