Бишкектеги бала бакчадан чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкек шаарындагы "Дастан" бала бакчасында чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт боюнча кошумча такталган маалыматка караганда, Жумабеков №228 көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанындагы кошумча курулуштан өрт чыгып, Фрунзе көчөсүнүн №585 дарегинде жайгашкан 2 кабаттуу "Дастан" бала бакчасынын чатырына өтүп кеткен.

Өрт саат 13:42де чектөгөө алынып, 14:43тө толук өчүрүлдү. Болжол менен жалпы өрттөнгөн аянт 200 чарчы метрди үзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД