Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди

Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда 23-июндан 26-июнга чейин унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Кайгуул милиция кызматынын жетекчилиги билдирди.

Чектөөлөр бүгүн Чолпон-Ата шаарында баштала турган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын жыйынын өткөрүүгө байланыштуу.

Маалым болгондой, Балыкчы-Каракол унаа жолунун тилкесинде жолдор маал-маалы менен жабылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД