Дарыгерлер ЖАК кызматкерлеринин жана абактагылардын ден соолугун изилдешет

Дарыгерлер ЖАКнын кызматкерлеринин жана Кыргызстандын бардык атайын контингентинин ден соолугунун абалын изилдешет. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2018-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын башкы медициналык башкармалыгынын кызматкерлери республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери менен биргеликте ЖАКнын кызматкерлерин, Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин аскер кызматкерлери менен бирге жоокерлерди ошондой эле тергөөдө жана соттолгондордун арасында профилактикалык кароодон үзгүлтүксүз өткөрүп турушат. Максаты – оорулардын алдын алуу жана эрте аныктоо, диспансердик байкоо.

Ошентип, быйыл 30-майдан баштап дагы бир пландуу тур башталды. Кеңири масштабдуу акция Ош, Жалал-Абад, Токтогул, Нарын, Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы сыяктуу аймактарды камтыды. ЖАКнын медициналык башкармалыгынан жана поликлиникасынан фтизиатр, терапевт, нарколог, отоларинголог, психиатр, гастроэнтеролог, хирург жана урологдон турган адистер тартылган. Скрининг ЭКГ жана УЗИнин көрсөткүчтөрүнө ылайык ЖАКнын кызматкерлери жана камактагылар арасында кургак учук оорусун аныктоо үчүн анкета жана флюорологиялык изилдөө аркылуу жүргүзүлгөн.

Жалпысынан 461 кызматкер текшерүүдөн өткөн. Алардын 77си жоокерлери. Ошондой эле 675 соттолгон жана 434 адам тергөөдөгүлөр.

Эми графикке ылайык, Чүй облусунда жана Бишкек шаарында медициналык кароо өтүшү керек.

Ошондой эле текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ЖАКнын 10.12.2000-ж. N 603/145 биргелешкен буйругуна ылайык) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кесипкөй адистеринин атайын консультациялары өткөрүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД