Селден улам Боом капчыгайында калган поезддин жүргүнчүлөрү эвакуацияланды

Селден улам Боом капчыгайында калып калган "Рыбачье – Бишкек-2" поездинин жүргүнчүлөрү эвакуацияланды. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн катуу жааган жамгырдын кесепетинен Жел-Арык тилкесинде 35 метр темир жолду сел алып кеткен.

"Табигый кырсыктын кесепетинен улам Балыкчыдан Бишкекке бара жаткан Рыбачье - Бишкек-2 жүргүнчү поезди кайра Рыбачье станциясына жөнөтүлдү. Жүргүнчүлөр маршруттук такси менен жөнөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД