Бишкектин жаңы конуштарында рейд өтүп, 4 саатта 237 эреже бузуу аныкталды

Кайгуул кызматы тарабынан жаңы конуштарда рейд өткөрүлүп, 4 саат ичинде 237 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында атайын Көк-Жар, Кара-Жыгач, Келечек, Арча-Бешик, Ак-Босога, Кудайберген жана Ак-Бата жаңы конуштарында "Жаңы конуш" аталышында рейддик иш-чара өткөрүлүп, 4 саат ичинде 237 ар кайсы багыттагы жол эрежесин бузуу фактысы аныкталып, 3 авто унаа убактылуу айып короо жайына киргизилди.

Ошондой эле дем алыш күндөрү жарандардын көпчүлүгү шаардан сырткары тоолу аймактарга чыгып, ас алуудан кайтуу учурунда көптөгөн тартип бузуулар байкалгандыктан, эртеңки дем алыш күндөрү милициянын кайгуул кызматы Чүй аймагындагы Арашан, Беш-Күнгөй өңдүү айылдарда рейддик иш-чараларын улантат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД