Бишкек – Балыкчы поезди бүгүн каттабайт. Селден кийинки текшерүү жүрөт

Бүгүн, 25-майда Бишкек - Балыкчы поезд каттамы жүрбөйт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкананын күч-каражаты менен селдин кесепеттери толук жоюлду.

Белгиленгендей, темир жолдун селден улам кум-шагылга толгон айрым тилкелерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери текшерүү жүргүзөт.

"Аталган багытта каттамдын калыбына келүүсү боюнча маалымат кошумча берилет. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 24-июнда Боом капчыгайында катуу жаагандан жаандан улам тоодон сел суулары менен кошо түшкөн кум-шагыл темир жолду жаап, поезд каттамы токтоп калган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД