
Баткенде экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен ОИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2022-жылдарга экстремиздин жана терроризмдин алдын алуу программасына, КРнын ИИМдин 2022-жылга түзүлгөн негизги уюштуруу иш-мерчемине ылайык, Баткен областынын аймагында 2022-жылдын 21-24-июнь күндөрү "Экстремист" аталышындагы ыкчам иш-чарасы уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө облустун аймагында терроризмдин жана диний экстремизмдин алдын алуу багытында өзгөчө көңүл бурулуп, милиция кызматкерлери дин өкүлдөрү менен биргеликте жер-жерлерде, калк арасында диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында, "Терроризм, экстремизм, радикализм түшүнүгү жана алардын Кыргызстанда келип чыгуулары", "Жаштардын радикалдашуусунун себептери, алардын алдын алуу", "Кыргызстандын аймагында коркунуч туудурган агымдар жана алардын өзгөчөлүктөрү" жана "Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар" деген темаларда жарандар менен мектешүү, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары иш-чаралардын катышуучуларына 500дөн ашуун диний экстремизмди алдын алуу багытында усулдук китепчелер, буклеттер таркатылды.