Ташкент – Бишкек авиакаттамы боюнча учуулардын саны көбөйөт

Uzbekistan Airways компаниясы Ташкент – Бишкек – Ташкент каттамы боюнча учуулардын санын көбөйтөт. Бул тууралуу аталган компаниядан билдирди.

Азыркы учурда аба каттамдары дүйшөмбү, бейшемби жан ишемби күндөрү каттап келсе, 3-июлдан тарта шаршамби күндөрү дагы каттай баштайт.

Учуунун тартиби: Ташкенттен 13:00дө (жергиликтүү убакыт боюнча) учуп, Бишкекке 15:10до (жергиликтүү уакыт боюнча) конот. Ал эми Бишкекте 16:30да (жергиликтүү убакыт боюнча) учуп, Ташкенге 16:50дө конот.

Ушул жылдын март айында Кыргызтандын AirManas компаниясы Бишкек - Ташкент каттамын калыбына келтиргенин маалымдаган.

Эскерте кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамы 2020-жылы пандемияга байланыштуу токтогон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД