UNODC делегациясы Чүйдөгү абактардын бирине барды

UNODC делегациясы Сокулук районундагы абактардын бирине барды. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Новопавловка айылындагы №32-жатак абагында КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын төрагасы, и/к генерал-майору Аскат Эгембердиев менен БУУнун Борбордук Азиядагы баңги заттар жана кылмыштуулук башкармалыгынын аймактык өкүлү Ашита Миттал жана анын командасынын мүчөлөрү менене жолугушуусу болуп өттү.

ЖАКнын жетекчиси жана мекеменин жетекчиси Миттал айымга 32-абактын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти. БУУ өкүлдөрү жаза өтөө шарттары жана соттолгондор үчүн санитардык-гигиеналык абал, ошондой эле эл аралык уюмдун каржылык колдоосу менен түзүлгөн унааларды текшерүү станциясы менен таанышты.

Аскат Раимжанович белгилегендей, БУУнун Бишкектеги программалык кеңсеси UNODC көп жылдардан бери пенитенциардык тутумду реформалоодо жана жакшыртууда ЖАКга жардам берип келет. Атайын контингенттин жаза өтөө шартын жакшыртууга, өндүрүштү өнүктүрүү, кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, ошондой эле коопсуздукту камсыз кылуу үчүн техникалык жабдуулар жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун ишмердүүлүгүнө санариптик технологияларды киргизүү жаатында олуттуу долбоорлор ишке ашырылды.

Ашита Миттал жатак абактын ишмердүүлүгүнө, ошондой эле ЖАКнын жетекчилигинин жана өздүк курамынын соттолгондор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана адам укуктарын, эркиндиктерин камсыздоо боюнча аракеттерине жогору баа берди. Ал ошондой эле ЖАКна жардам берүүнү улантууга даяр экенин билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД