Мектепке электрондук кабыл алуунун экинчи этабы башталды

27-июнда саат 9:00дөн баштап мектепке электрондук кабыл алуунун экинчи этабы башталды. Бул жолу ата-энелердин жашаган жерине карабай бош орундар бар мектептер жеткиликтүү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мектептин кичи районунда жашаган ата-энелер мыйзамдуу жашаган жери боюнча каттоодон өтүшү керек.

Ал эми "Мектепке электрондук кабыл алуу" АИСинде катталган ата-энелер каалаган окуу жайда дагы бош орундар болсо, жеке кабинети аркылуу мектепти алмаштырууга мүмкүнчүлүгү бар.

Эгерде түшүнүксүз суроолор болсо, техникалык колдоо номерлерине кайрылуу керек: 0312 98 89 40, 119.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД