
Кытайлык компания Бишкекке электр автобустарын алып келүүгө даяр. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда,, Өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттиги Кытайдын электр автобустарын чыгарган заводунун өкүлү болгон Amir Group компаниясы менен жолугушуу өткөрдү.
Компаниянын өкүлдөрү электр автобустары сапаттуу чогултулат деп ишендиришти. Мындан тышкары, алар эскирип, колдонууга жараксыз болгондо, компания келечекте аларды утилизациялоо үчүн төлөп берүүгө даяр.
"Тараптар өз ара пайдалуу кызматташуунун жолдорун талкуулашты. Жыйынтыгында электр автобустарын жеткирүү шарттары боюнча кеңейтилген маалымат берүү боюнча макулдашууга жетишилди", - деп билдиришти мэриядан.