
Манас районунда милиция кызматкерлери суу кырсыктарынын алдын алууда. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Манас РИИБдин коомдук коопсуздукту камсыз кылуу бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Чоң-Капка айылында жайгашкан жайкы эс алуучу жайларда жарандарга сууга чөгүү кырсыктарын болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Эс алуучу жайдын администрациясына жана куткаруучуларына коопсуздук эрежелерин сактоо керектиги, эс алууга келген ар бир жаранга, өзгөчө жаш өспүрүмдөргө көңүл буруу керектиги айтылууда. Суу –тилсиз жоо, сууга түшүү алдында физикалык көнүгүүлөрдү аткарып, суунун тереңдиги менен коопсуздугун эске алуу зарылдыгы белгиленди.