Нарында "Кыргыз шырдагы - XII" эл аралык фестивалы өтөт

28-29-июнь күндөрү Нарын облусунда эл аралык "Кыргыз шырдагы - XII" фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Фестивалдын максаты - улуттук буюмдардын сап башында турган шырдакты даңазалоо, жайылтуу жана сатууну жогорку деңгээлде уюштуруу болуп эсептелинет.

Иш- чара расмий өкүлдөрдүн катышуусунда өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД