Кыргызстан Европа өлкөлөрүнө көмүр экспорттой баштады

Кыргызстан Европа биримдигинин Латвия жана Польша сыяктуу өлкөлөрүнө көмүр жеткире баштады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин "Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасы" бюллетенинде айтылат.

Документтеги маалыматка караганда, 2022-жылдын январь-апрелинде Кыргызстан 88 миң долларга, же 7 млн 255,5 миң сомго Польшага 2 миң 933,4 тонна, ал эми 143 миң доллар, же 13 млн 728,6 миң сомго Латвияга 1 миң 787 тонна көмүр экспорттогон.

"Таш көмүрдүн көп бөлүгү Өзбекстанга экспорттолот, үстүбүздөгү жылдын 4 айында 3 млн 297 миң долларга 104 миң 408 тонна жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД