Тажикстанга мыйзамсыз 20 тонна селитра өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды

Минералдык жер семирткич (селитра) түрүндөгү контрабандалык жүктү алып бара жаткан унаалар кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, УКМК тарабынан өлкө аймагында контрабандалык ишмердикти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2022-жылдын 25-июнунда өткөрүү пунктунан тышкары, Баткен облусунун Лейлек районунун "Тал" аймагында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет жасаган КР "С.З.Ж." жана "Р.Э.Г." аттуу жарандарынын башкаруусунда эки КамАЗ үлусүндөгү унаа кармалды.

Унааларды текшерүү учурунда жалпы салмагы 20 тонна болгон 400 даана кап "селитра" минералдык жер семирткич табылган.

Аталган жүк Кыргызстандан Тажикстанга аткезчилик жол менен жөнөтүлгөн.

Азыркы учурда көрсөтүлгөн факты боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД