Поезд коюп кеткен бала каза болду

Бишкекте поезд сүзүп кеткен бала ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Бишкектин Свердов райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 2004-жылы туулган К.Б. аттуу бала поезддин сигналына көңүл бурган эмес, жыйынтыгында машинисттин поездди токтоотууга кылган аракетинен майнап чыкпай сүзүп кеткен.

Эске салсак, окуя Ауэзов-Ч.Валиханов көчөлөрүнүн ортосундагы темир жолдо, 27-июнь күнү 9дар чамасында орун алган.

Автор: Медина Бектурова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД