Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары октябрь окуялары боюнча акталды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев октябрь окуялары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында акталды.

Ошондой эле кылмыштын курамы жок болгондуктан сот Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов, Курсан Асанов, Канат Сагынбаев, Темирлан Султанбеков жана Жеңиш Молдокматовду актады.

Фарид Ниязовду сот залынан бошоткон өкүмүн чыгарды. Калгандардын бөгөт чарасы соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз калтырылды.

Ал эми Атамбаев башка иш боюнча айыпталып жаткандыктан абакта калат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД