КНС боюнча отчетту берүү мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды

Кошумча салык наркы боюнча бир катар отчетторду берүү мөөнөтү (жазуу жүзүндө арыз бербестен) 1-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

– 2022-жылдын 1-январынан тартып 30-майына чейинки отчеттук мезгил үчүн салык агенти тарабынан берилүүчү кошумча нарк салыгы боюнча отчет;

– 2022-жыл үчүн мүлк салыгы (унаа, кыймылсыз мүлк) боюнча маалыматтык эсеп.

Бул өлкөнүн ишкерлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында аткарылууда.

Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексинде чет өлкөлүк уюмду кошпогондо, иши Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекеме түзүүгө алып келбеген чет өлкөлүк уюмдун аткарган иштери жана көрсөткөн кызматтары боюнча салык төлөөчү – салык агенти тарабынан КНС төлөөнү караган ченем киргизилген.

Бул салык төлөөчү – салык агенти тарабынан иши Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекемени түзүүгө алып келбеген чет өлкөлүк уюмдан жеткирүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы деп таанылган жумушту же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, салык агенти КНС боюнча салыктык милдеттенмелердин суммасын эсептөөгө, кармап калууга жана бюджетке которууга милдеттүү дегенди билдирет.

Мындан тышкары, мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептин формалары киргизилди.

Салык кызматы тарабынан Салык кодексинин ушул ченемин ишке ашыруу максатында, маалыматтык эсептердин формалары, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген салык агентинин КНС боюнча салык отчетторунун формасы иштелип чыккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД