Кургак учук менен ооруган адам вакцина алуусу шарт. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, өпкөсү ооругандардын иммундук системасы алсыз болгондуктан ковидди жуктуруу коркунучу жогору.
Ошондой эле коронавирус туберкулёздун пайда болушун шарттайт. Ал тургай илдетти активдүү формага өткөрүп жиберет.