Генерал Алиевдин жаркын элесине арналган футзал боюнча мелдеш башталды

Милициянын генерал-майору Чыныбек Алиевдин жаркын элесине арналган футзал боюнча мелдеш башталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-июнда ИИМдин "Динамо" спорттук комплексинде милициянын генерал-майору Чыныбек Алиевдин жаркын элесине арналган ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында футзал боюнча кубоктун ачылыш аземи болду. Ачылыш аземине ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын полковниги Адылбек Бийбосунов, "Динамо" коомдук бирикмесинин биринчи орун басары Төрөкул Мадалиев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев жана маркумдун иниси Аскат Алиев, ошондой эле оюнга катышуу үчүн келген өздүк курам катышты.

Ачылыш аземине келген меймандар Чыныбек Алиевди эскерип, сөз сүйлөштү. Сөз кезегинде министрдин биринчи орун басары Адылбек Байбосунов, ар бир кызматкердин кылган кызматы эч качан унутта калбастыгын баса белгиледи. Ал эми маркумдун үй-бүлөсүнүн атынан келген иниси Аскат Алиев агасын унутта калтырбай жыл сайын эскерип келегендиги үчүн ички иштер органдарынын кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди. Жыйынтыгында, жалпы катышуучуларга ийгилик каалашып, татыктуу жана кызыктуу оюн өткөрүүнү каалашты.

Футзал боюнча уюштурулуп жаткан кубок 2-июлга чейин созулмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД