Баткенде 56 жаштагы киши сууга чөгүп каза болду.

Баткенде 56 жаштагы киши сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 28-июнь күнү Баткен районунун Ак-Турпак айылынын 63 жаштагы Ж.Ж.аттуу тургундун бузулган тракторун айылдашы 56 жаштагы Г.М. менен чогуу оңдоп бүтүп, Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун Риштан районуна караштуу Чоң-Кара айылында жайгашкан Жигит-Пиримдеги тамактануучу жайга барып тамактанып, спирт ичимдиктерин ичишкен.

Тамактангандан соң 56 жаштагы Г.М. бир аз сергүү максатында чайханадан 450-500 метр алыстыктагы "Кожошкен" дарыясына кеткен бойдон дайынсыз болгон. Артынан издеп барган шериктери дарыянын боюнда Г.Мдин чечип койгон кийимдери менен анын кол телефонун көрүп, милицияга кабар берген. Окуя болгон жер Өзбекстан республикасынын Фергана облусунун Риштан районуна караштуу болгондуктан Риштан РИИБнүн милиция кызматкерлери келип, издөө иштерин жүргүзө баштайт.

Баткен РИИБдин начальниги милициянын полковниги А.Шагамурзаев Өзбекстан республикасынын Сох РИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Рахимбердиев менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүп, аталган окуя Риштан РИИБнө катталып, багыттама берилип, тийиштүү иш-чаралар жүрө баштайт.

Аталган окуя боюнча Баткен РИИБнин Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, Баткен райондук ӨКМ кызматкерлери биргеликте издөө иштерин жүргүзүп, 29-июнь күнү эрте менен саат 7лер чамасында 56 жаштагы Г.Мдин жансыз денеси "Кожошкен" дарыясынан табылып, соттук медициналык экспертиза дайындалган.

Бирок маркумдун туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан. Азыркы күндө тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД