Миллиарддан ашык сом зыян келтирген деген Дашковдун уулу үй камагына чыкты

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашковдун коррупцияга айыпталган уулу Даниил Дашков үй камагына чыкканы 29-июнда белгилүү болду.

Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун берген маалыматына таянып "Азаттык" жазып чыкты.

Василий Дашковдун өзү саламаттыгына байланыштуу үй камагына быйыл январь айында чыккан. 2021-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ага "Кыргыз темир жолу" ишканасын башкарып турган кезде, "2020-жылдын май айынан декабрга чейин миллиард сомдон ашуун акчаны жеке компанияга мыйзамсыз которгон" деген айып койгон. Андан сырткары, жең ичинен коротулган 490 миллион сом тууралуу да сөз болгон.

Дашковдун мамлекетке келтирген зыяны 1,5 миллиард сом деп эсептелген. Адвокаты ага коюлган айыптарды четке каккан.

Атайын кызмат "Кыргыз темир жолундагы" жемкорлукка шектүүлөрдүн арасында анын уулу да бар экенин билдирген. Ал июнь айында тергөө абагына киргизилген.

Дашков аталган ишкананы 2020-жылдын апрелинде жетектей баштаган. Ага чейин директордун орун басары болгон. Анын аты коомчулукта коррупциялык иштерге байланыштуу аталгандан кийин 2021-жылы мартта кызматтан алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД