Курман айт майрамы качан белгилене турганы белгилүү болду

Кыргызстанда Курман айт майрамы 9-июлда белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

30-июнь Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан, 8-июль арапа күнү болот.

Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо "курмандык чалуу майрамы" дегенди билдирет. Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төөнү союшуп, дасторкон даярдашып, бири-бирин коноктошот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД