Нарын шаарында кечээ, 29-июнда 80 жаштагы Т.Ж., аттуу карыя үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын кийимдери Нарын дарыясынын жээгинде табылган.
Жерине беш куткаруучу тартылып, издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжа бербегендиктен издөө убактылуу токтотулган.
Куткаруучулар бүгүн, 30-июнь күнү ишин кайра улантат.