Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн эки жаш кызды таап беришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 29-июнунда кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жүргөн учурда, болжол менен саат 18:50 чамасында Панфилов паркында адашып жүргөн эки жаш өспүрүм кыздарды байкашкан.
Кызматкерлер кыздардын өздүгүн тактоо учурунда 2012-жылы туулган А.А. жана 2015-жылы туулган А.А. аттуу кыздар ойноо максатында үйүнөн чыгып, кийин адашып үйүн таппай жүргөндүгүн аныкташкан.
Кызматкерлердин ыкчам аракети менен жашаган дареги аныкталып, 1982-жылы туулган А.Б. аттуу апасына өспүрүм кыздарды өткөрүп беришкен.
Өз кезегинде кыздардын апасы кыздарын издеп, "102" кызматына кайрылгандыгын айтып, ыкчама аракет кылган кайгуул кызматкерлерине рахматын айтып ыраазычылын билдиришкен.