Ат-Башы милициясы Босого жайлоосундагы балдар лагеринен кабар алды

Ат-Башы милициясы Босого жайлоосундагы балдар лагеринен кабар алды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 29-июнь күнү Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Ат-Башы районунун Босого жайлоосундагы балдар лагерине барышып, ал жактагы балдар менен жолугушту.

Анда кылмыштуулук, зордук-зомбулук, сууга чөгүү кырсыктары жана ар кандай укук бузуулар боюнча коопсуздук эрежелери жаш өспүрүм балдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары жайкы эс алуу учурунда чет мамлекеттерден келген жарандардын эс алуу учурундагы коопсуздуктары боюнча түшүндүрмө берилди.

Ошондой эле айыл аймактагы жергиликтүү жашоочулардын көйгөйлүү маселелерин жеринен угуп, эл менен жолугушууларды уюштурулуп, милициясынын көчмө кабылдамасы аркылуу айыл тургундарына сервистик тейлөөлөр Ат-Башы РИИБи тарабынан байма-бай көрсөтүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД