Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-июнда эле Казакстанда коронавирус жуккан 137 жаңы учур катталган.
Бир күн мурда илдетти жуктургандардын 110 учуру аныкталган. Жалпысынан бүгүнкү күнү өлкөдө 1 306 608 учур катталган.
29-июнда бир сутка ичинде ооруга кабылгандардын эң көп учуру Алматыда - 77 адам жана Нур-Султанда - 26 адам катталган.