Пакистан менен Кыргызстан текстиль тармагында кызматташмакчы

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Файсалабад шаарынын Аялдар соода-өнөр жай палатасынын президенти Нигат Шахид менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, атап айтканда, текстиль өнөр жайы, азык-түлүктөрдү импорттоо-экспортоо, тоо-кен өнөр жайы жана айыл чарба тармагындагы кызматташуунун келечектерин талкуулашты.

Элчи Тотуяев Пакистан тарапка Кыргызстандагы бизнести өнүктүрүүдө аялдардын маанилүү ролун баса белгилеп, Кыргыз Республикасы менен мындан аркы кызматташуунун жана алардын ичинде, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу менен келечектүү багыттары тууралуу маалымат берди, эки тараптын бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды түзүүгө жана аларды колдоого жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Н.Шахид Файсалабад шаарынын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн, атап айтканда, Кыргызстандын рыногуна чыгууга кызыкдар экенин белгилеп, бул багытта кыргыз тарабы менен бирге активдүү иш алып баруу ниетин билдирди.

Тараптар жакынкы аралыкта текстиль тармагында иштеген Файсалабад шаарынын компаниялардын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына иш сапарын уюштурууну макулдашышты.

Маалымат үчүн: Файсалабад - Пакистандын үчүнчү чоң шаары (4 миллионго жакын адам жашайт). Ушул эле провинцияда 87% пенжабиликтер, 98% калкынын ханафи агымындагы сунни мусулмандары. Бул шаар экспорттун 68%ын камсыздаган өнөр жай ишканалары жана миңдеген үй-бүлөлүк чакан ишканалар тарабынан өндүрүлгөн текстиль буюмдары менен белгилүү. Шаарда химия, тамак-аш, фармацевтика өнөр жайлары да жакшы өнүккөн. Файсалабаддын жерлери абдан түшүмдүү, анда буудай, пахта, апельсин, банан, алма, мандарин, манго, гуава жана кант камышы өстүрүлөт. Шаардан анча алыс эмес жерде Пакистандагы эң ири күрүч заводдорунун бири жайгашкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД