ӨКМ: Жыл башынан бери 35 адам сууга чөгүп каза болду

Жыл башынан бери 35 адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл башынан тартып 29-июнга чейин жалпы республикада боюнча 30 сууга чөгүү кырсыгы катталган.

Белгилей кетсек, өткөн дем алыш күндөрү Талас облусунда 2 өспүрүм бала суу сактагычка, дагы эки өспүрүм кыз каналга, кечээ Ысык-Көл облусунда 14 жана 19 жаштагы эки бала көлгө чөгүп каза болушту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД