Баткенде издөөдө жүргөн киши Бишкектен кармалды

Баткенде издөөдө жүргөн киши Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Кайыңды айылынын 28 жаштагы А.К. аттуу тургуну 2021-жылдын май айынан бери Кыргыз Республикасынын ЖПКнын айып салууга соттолгон адамдын сот өкүмүн аткарбоосу беренеси менен издөөдө жүргөн.

Баткен районунун аймагында жүргүзүлүп жаткан "Адам сатуу" операциясынын негизинде, Баткен РИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн 28 жаштагы А.К. 2022-жылдын июнь айынын аяктарында Бишкек шаарынын аймагынан жашынып жүргөн жеринен кармалып, Баткен РИИБнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД