Бүгүн борбор калаанын борбордук көчөлөрү жабылат

Бүгүн, 1-июлда "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи утушу өтөт. Ага байланыштуу Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат.

Шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кечки саат 17:00дөн 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки аралыгы жабылат.

Белгилей кетсек, бүгүн Ала-Тоо аянтында "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи утушу өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД