Ош шаарындагы "Манас-Ата" кафеси убактылуу жабылды

Ош шаарындагы жаңжалга кабылган "Манас-Ата" кафеси убактылуу жабылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов "Манас-Ата" кафеси боюнча тиешелүү кызматтардын жана мекеме-ишканалардын жетекчилери менен чукул жыйын өткөрдү. Бул коомдук тамактануу жайы тиешелүү документтери жок иштеп жаткан. Ага ылайык жыйындан соң кафе убактылуу жабылды.

"1-июлдан баштап шаардагы бардык кафе-ресторандарда, май куюучу жайларда тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү зарыл", - деп баса белгилеп, тапшырмаларды берди А.Мамбетов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД