Талас милициясы сууга чөгүп кетүүнүн алдын алуу боюнча иш алып барышууда

Сууга чөгүүдөн сак болуңуздар! Талас районунун милиция кызматкерлери агын суу, көлмөлөрдү кыдырууда. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Жарандык коргонуу күчтөрүнүн иш-чараларын камсыздоо, суудагы кырсыктарды алдын алуу, жайкы сууга түшүү, жергиликүү калкты сууда өзүн өзү алып жүрүү эрежелери боюнча, жарандардын жана жашы жете элек өспүрүм балдардын сууга агып же чөгүп кетүү кырсыктарынын алдын алуу, эскертүү багытында балдар жана өспүрүмдөр ата энесинин жана жашы улуулардын көзөмөлсүз көлмөлөргө, дарыяларга, арык-жээктерге өз алдынча барууга жана сууга түшүп, ар кандай кырсыктарга кабылып калуунун алдын алуу максатында иш алып барышууда.

Талас районун ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, милициянын участкалык уполномочендери тарабынан Талас районуна караштуу Көк-Ой айылынан баштап, Нуржанов айыл өкмөтүнүн Жон-Арык айылына караштуу токой жээктеги агын сууларды бойлой кыдырышып, сууга түшүүгө кооптуу болгон жерлерде сууга түшүп жаткан, жарандарга сууга түшүү учурунда коопсуздукту сактоо керектигин түшүндүрүштү. Мындан тышкары милициянын участкалык уполномоченныйлары, балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан эл менен жолугушуу учурунда, ар бир келген жаранга балдарына сак болуусун, жалгыз бой суу сактагычтарга, көлмөлөргө жибербөөнү эскертип, республикада, облус аймагында болуп жаткан сууга чөгүү окуяларын коомчулукка жеткиришүүдө. Ал жерлерде көлмө жана суунун агымы күчтүү болгон жана сууга түшүүгө кооптуу жерлерге эскертүүлөр менен кошо жакын арада жашаган тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД