ИИМге учкучсуз учуучу аппараттардын комплекстери тапшырылды

ИИМде учкучсуз учуучу аппараттардын комплекстерин тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда ИИМдин борбордук аппаратында учкучсуз учуучу аппараттардын комплекстерин жана башка жабдууларды тапшыруунун расмий аземи болуп өттү. Бул комплекстер укук коргоо органдарынын техникалык потенциалын чыңдоо үчүн, анын ичинде Россия Федерациясы тарабынан каржыланган БУУнун БКБнын "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын мобилдүү ыкчам топторун түзүү" долбоорунун алкагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү үчүн ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Иш-чарага ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Вадим Гусев, БУУнун БКБнын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин жетекчиси Андрей Селезнев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов, Япониянын Кыргызстандагы Элчисинин орун басары Окава Соичиро жана башкалар катышты.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков сөз сүйлөп, бардык катышуучулар менен учурашып, бүгүнкү иш-чара биздин ишенимдүү өнөктөштөрүбүздүн жана донорлорубуздун үзгүлтүксүз жардамына арналганын, бул баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан көйгөйлөрдү учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен чечүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

Улан Ниязбеков өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган милдеттерди өз убагында чечүү үчүн министрлик тарабынан жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу боюнча заманбап технологиялар жана иш ыкмалары тынымсыз киргизилип жатканын баса белгиледи. Анткени, мындай чечимдердин бири БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсеси менен БМЖКККнын ишмердүүлүгүнө учкучсуз учуучу аппараттарды киргизүү боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруу болгон. Белгилей кетсек, бул долбоор Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан каржыланат.

"Ушуга байланыштуу, мен Россия Федерациясынын Өкмөтүнө, ошондой эле Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине бул долбоорду ишке ашырууда көрсөткөн каржылык жана практикалык жардамы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасындагы БУУнун БКБнын Программалык кеңсесине жалпысынан ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем.

Учкучсуз учуучу аппараттардын комплекстерин күнүмдүк иш-аракеттерге ийгиликтүү киргизүү үчүн БУУнун БКБ менен биргеликте долбоорду ишке ашыруу боюнча олуттуу иштер аткарылды, жакында биз анын оң натыйжаларды көрө алабыз.

Учкучсуз учуучу аппараттардын жардамы менен БМЖКККнын кызматкерлери кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө байланышкан көйгөйлөрдү чечүү менен гана эмес, жашоонун башка тармактарында да жардам алышат деп айта алам.

Бул багытта Ички иштер министрлигинин башка мамлекеттик органдар менен биргелешкен иши жаңы дем алып, мамлекетке пайда алып келээрине терең ишенимимди билдирем", - деди ички иштер министри Улан Ниязбеков.

Министр бул учкучсуз комплекстер менен иштей турган кызматкерлерге натыйжалуу жана ийгиликтүү иш каалады!

Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Ички иштер министрлиги тарабынан эки учкучсуз учуучу учактын аппараты, өздүк курамды жана учкучсуз учуучу аппараттарды ташуу үчүн эки мобилдик унаа тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД