No19 мекеменин кызматкерлери сармерденде беттешишти

No19 мекеменин кызматкерлери сармерденде беттешишти. Бул тууралуу ЖАКтын басма сөз кызматы билдирди.

Сармерден – бул байыркы элдик оюн, жигиттер менен кыздардын чыгармачылык менен беттешкен оюн-зоогу. Бул элибиздин ыр менен бийдеги чыныгы мурасы жана жандуу тарыхы!

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын тарбиялык, социалдык-психологиялык иш башкармалыгынын начальниги и/к полковниги Н.Бердикожоев, No19- мекеменин башчысы и/к полковниги А.Байсынов жана анын орун басары подполковник Р.Каадаевдер аскер кызматчылары асыл ырым-жырымдарды жандандырып, кесиптештерине жагымдуу сезимдерди тартуулоону чечишти.

Иш-чара Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы драма театрынын залында өтүп, ага көптөгөн коноктор катышты. Сыйлуу калыстар тобунун мүчөлөрү отуруп, катышуучулардын эркектер жана аялдар командаларынын оюнуна баа беришти.

Сармерденде сахнадан "Манас" эпосунан үзүндүлөр айтылып, элдик ырлар жаңырып, бийчилер бийлеп, табышмак табышып, кыз узатуу, үйлөнүү каада-салты көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында калыстар тобуна эки тараптын тең өнөрлөрү абдан жагып, эки команда тең жеңүүчү деп табылды!

- Биздин максат - каада-салттарды, руханий маданиятты, улуттук баалуулуктарды кийинки муунга өткөрүп берүү үчүн сактап калуу, - дейт полковник Нурдин Бердикожоев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД