Коомдук ишмер Батыш Салиеванын 100 жылдыгы белгиленүүдө

Көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмер, СССРдин жана Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин бир нече жолку депутаты Батыш Салиеванын 100 жылдыгы белгиленүүдө. Маараке кичи мекени Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Талды-Суу айылында өткөрүлдү.

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө, иш-чара президент Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгынын негизинде уюштурулуп жаткандыгын баса белгилеп, жыл боюу өтө турчу иш-чаралардын башталышы экендигин кошумчалады. Мындан сырткары Батыш Салиеваны эскерүү иш-чарасына КРнын министрлер кабинетинин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев дагы катышып, Батыш Салиеванын Кыргызстандын аялдар кыймылынын өнүгүшүнө кошкон салымын эскерип өттү.

Мааракенин алкагында Талды-Суу айылда 50 орундуу жаңы салынган бала бакчага Салиеванын аты ыйгарылып, ачылыш аземи өткөрүлдү. Андан соң, көрүнүктүү инсандын 100-жылдыгына арналган конференция уюштурулуп, "ХХ кылымдын чыгаан инсаны Батыш Салиева" темасында даректүү тасма көрсөтүлдү. Саамалык маданий программалар менен коштолуп, жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу менен жыйынтыкталды .

Белгилей кетсек, Батыш Салиева 1922-жылы жарык дүйнөгө келип, эмгек жолун пионер вожатый болуу менен баштаган. Ал өзүнүн эмгек жолунда өлкө үчүн алгылыктуу иштерди жасап жетишкен. Социалдык камсыздоо министри болуп иштеген мезгилде (жалпысынан 25 жыл) ал тарабынан жети кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак-үйлөр курулуп, 6 үй реконструкцияланып, кеңейтилген. Нижняя Серафимовка айылында 500 орундуу көмөкчү чарбасы жана жемиш бакчасы бар карылар жана майыптар үчүн үй-интернат ачылган. Ал Талас облусунда улгайган адамдар үчүн интернат, Токмоктогу мекемелер, Жайыл аялдар жана Беловодск балдар интернаттары ачылган. Ошондой эле анын аракети менен Кыргызстанда Борбордук Азия боюнча биринчи протездик-ортопедиялык буюмдарды жасоо мекемеси ачылган. Ал эми адистерди ал Союздун бардык аймактарынан жеке өзү чогулткан.

Батыш Салиева эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, СССРдин көптөгөн медалдары, ардак грамоталары менен сыйланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД