Батыш Салиева атындагы медаль негизделди

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Батыш Салиеванын 100 жылдыгына карата, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги анын урматына биринчи ведомстволук медалды негиздеди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, сыйлык социалдык чөйрөдөгү ак ниет эмгеги үчүн, ошондой эле социалдык камсыздоо, гендердик теңчилик, социалдык маселелерди чечүүдө эл аралык кызматташтык жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга кошкон салымы үчүн, кайрымдуулук ишин жүргүзгөндүгү, меценаттыгы, көрсөтүлгөн гуманизм үчүн, руханияттын жана кайрымдуулуктун жогорку идеалдарын калыбына келтирүү ишине кошкон зор салымы үчүн, жан аябастык, эрдик жана кайраттуулук ж. б. үчүн тапшырылат.

Медаль "Түп ынтымагы" коомдук фондунун төрагасы Качкын Ашимкановго жана социалдык камсыздоо тармагынын ишкери Виктория Федотовага тапшырылды. Ашимканов жарандык активист катары ар кандай социалдык демилгелерди ишке ашырып, кайрымдуулук менен алектенип келген. Ал өзүнүн жарандык позициясына берилгендигинен улам Талды-Суу аймагынын коомдук лидери катары таанылып, жердештер тарабынан сыйлоо үчүн көрсөтүлгөн.

Виктория Федотова аталган тармакта 20 жылдан бери эмгектенип, муктаж жарандарга, чоңдорго жана турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарга социалдык жардам көрсөттүп, жумушсуз жарандарга жумушка орношууга, убактылуу акча табуу мүмкүнчүлүгүн табууга жардам берип келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД