"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту 1-июлда Алматыдан (Казакстан) биринчи каттамды кабыл алды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, SCAT авиакомпаниясы Алматы-Тамчы-Алматы багыты боюнча авиакаттамдарды жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарат.
Жумасына 4 каттамга чейин көбөйтүү пландалууда. Учуу убактысы 40 мүнөт.