Ак-Талаа районундагы "Баетов-Макмал" унаа жолуна асфальт басылат. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Баетов-Макмал" жолунун Кош-Дөбө айылына чейинки тилкеси ушул жылдын май айында грейдер менен сүрүлгөн, июнь айында дагы 25 чакырымы тегизделген. Быйылкы жылдын эсебинен анын 3 километрине асфальт басуу пландалууда.
Жол салуу иштерин Транспорт жана жол министрлигинин ДЭП-15 ишканасы жүргүзөт.